Сарыев Исламбек Абдыевич Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

30 августа 2019

КР БШК мүчөлөрү 2019-жылы 30-августта Сарыев Исламбек Абдыевичти Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы деп таанышты.

Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2019-жылы 23-августта болуп өттү.

Ак-Дөбө айылдык кеңешинде бардыгы 21 депутат бар, экинчи турда добуш берүүгө алардын 16сы катышты. 13 депутат “макул” деп, 2 депутат баарына каршы добуш берди. Айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына 2 талапкер катталган.

Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына даттануулар жана арыздар түшкөн жок.

Сарыев Исламбек Абдыевич

1983-жылы 9-мартта Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылында туулган.

Жогорку билимдүү. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин “мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу” адистиги боюнча (2007-ж.) бүтүргөн (№881 диплом 2007-ж. 27-июнда берилген).

Эмгек жолу:

2009-2012-жж. – Ак-Дөбө айыл аймагынын жайыттар башкармалыгынын комитети, төрага;

2010-2011-жж. – Талас облусунун “Талас-Ала-Тоо”  буурчак өндүрүү жана экспорттоо ассоциациясы, президент;

2008-2012-жж. – Ак-Дөбө айылдык кеңеши, депутат;

2007-2012-жж. – Бишкек ш. ЕККУ, ЕККУнун Талас облусу боюнча программалык координаторунун ассистенти;

2012-2013-жж. – Бишкек ш. ЕККУ, ЕККУнун Ысык-Көл облусу боюнча программалык координаторунун ассистенти;

2013-2016-жж. – Бишкек ш. ЕККУ, ЕККУнун Чүй облусу боюнча программалык координаторунун ассистенти;

2018-ж. – “Полюс Голд Кей Джи” ЖЧК, юрист-кеңешчи;

2007-2019-жж. – – “Абды” дыйкан чарбасы, жетекчи.

Үй-бүлөлүк абалы: бойдок.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин маалыматык технологиялар башкы башкармалыгы 2019-жылы 15-августта берген маалымкатка ылайык  И.А. Сарыевдин Кыргыз Республикасынын аймагында соттуулугу жок.

Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясына Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү берүү тапшырылды.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү