Казымов Мухамбет Жаныбекович Талас облусунун Бакай-Ата районунун Оро айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
30 августа 2019
КР БШК мүчөлөрү 2019-жылы 30-августта Казымов Мухамбет Жаныбековичти Талас облусунун Бакай-Ата районунун Оро айыл өкмөтүнүн башчысы деп таанышты.
Оро айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2019-жылы 23-августта болуп өттү.
Оро айылдык кеңешинде бардыгы 11 депутат бар, добуш берүүгө алардын баары катышты. 6 депутат “макул” деп добуш берди, баарына каршы добуш берилген жок. Айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына 2 талапкер катталган.
Талас облусунун Бакай-Ата районунун Оро айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына даттануулар жана арыздар түшкөн жок.
Казымов Мухамбет Жаныбекович
1991-жылы 24-сентябрда Талас облусунун Бакай-Ата районунун Кыргызстан айылында туулган.
Жогорку билимдүү. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин “мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу” адистиги боюнча (2014-ж.) бүтүргөн (№ 2423 диплом 2014-ж. 2-сентябрда берилген).
Эмгек жолу:
2012-2014-жж. – Бишкек ш. Свердлов районунун № 20 МТО, адис;
2014-2015-жж. – Бишкек ш. Свердлов районунун № 20 МТО, жетектөөчү адис;
2016-ж. январдан тартып – Оро айыл өкмөтү, башкы адис.
Үй-бүлөлүк абалы: үйлөнгөн.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин маалыматык технологиялар башкы башкармалыгы 2019-жылы 8-августта берген маалымкатка ылайык М.Ж. Казымовдун Кыргыз Республикасынын аймагында соттуулугу жок.
Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясына Оро айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү берүү тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
