Чүй облусунун Кемин районунун Ильич жана Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Т. Балтагулов айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо дайындалды

30 августа 2019

КР БШКнын 2019-жылдын 30-августундагы токтому менен Чүй облусунун Кемин районунун Ильич жана Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Т. Балтагулов айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2019-жылдын 17-сентябрына (саат 9-00дөн 12-00ге чейин) дайындалды.

Чүй облусунун Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2019-жылдын 19-августундагы №225-т буйругу менен Ильич айыл өкмөтүнүн башчысы Мамбеталиев Темирлан Саткынбекович берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2019-жылдын 28-августундагы №192-б буйругу менен Т. Балтагулов айыл өкмөтүнүн башчысы Садыков Болот Жоробекович берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү