Шайлоо өнөктүгүн каржылоодогу айкындуулукту камсыздоо чөйрөсүндөгү Литванын тажрыйбасы Кыргыз Республикасында колдонулушу мүмкүн
30 августа 2019
Шайлоо өнөктүгүн каржылоодогу айкындуулукту камсыздоо чөйрөсүндөгү Литванын тажрыйбасы Кыргыз Республикасында колдонулушу мүмкүн. Курамына КР ЖК Төрагасынын орун басары М.И. Бакиров, КР ЖК депутаты А.Т. Алтыбаева, КР БШК Төрагасы Н.К. Шайлдабекова жана КР БШК мүчөсү А.Т. Асаналиев кирген Кыргыз Республикасынан делегация Литва Республикасында болду.
Сапардын алкагында катышуучулар шайлоо өнөктүгүн укуктук жактан жөнгө салуу, уюштуруу, каржылоо жана өткөрүү боюнча Литванын тажрыйбасын үйрөнүштү. Таанышуу сапарында Литва Республикасынын саясий партияларынын ишин мамлекеттик каржылоо моделин жана саясий партияларды каржылоону контролдоо ыкмаларын талкуулоого айрыкча басым жасалды.
Литва Республикасынын БШК Литванын мыйзамдарынын алкагында бардык шайлоо процесстерин өткөрүүнү жана саясий өнөктүктөрдү каржылоону контролдоо үчүн зарыл маалыматтарды киргизүүгө, көрүүгө жана пайдаланууга мүмкүнчүлүк берүүчү маалыматтык тутум менен тааныштырды. Бул тутум талапкерлердин тизмелерин окуп-үйрөнүүгө, каржылык отчёттуулуктун ар түрдүү тариздерин түзүүгө жана жалпысынан ачык-айкын, демократиялуу шайлоо өткөрүүнүн бардык талаптарын аткарууга мүмкүнчүлүк берет.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү

