2019-жылы 28-августта Бел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү
28 августа 2019
2019-жылы 28-августта Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
18 добуш алган Нурбаев Кубатали Мураталиевич Бел айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Бел айыл өкмөтүндө бардыгы 21 депутат бар, добуш берүүгө алардын 20 катышты. Айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына 2 талапкер катталган.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
