2019-жылы 23-августта Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү

23 августа 2019

2019-жылы 23-августта Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө  айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.

13 добуш алган Сарыев Исламбек Абдыевич Ак-Дөбө  айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.

Ак-Дөбө  айыл өкмөтүндө бардыгы 21 депутат бар, экинчи турда добуш берүүгө алардын 16сы катышты, 5 депутат катышкан жок, экөө баарына каршы добуш берди. Шайлоо 2 тур менен өттү.

Айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына 2 талапкер катталган.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү