2019-жылы 23-августта Оро айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү

23 августа 2019

2019-жылы 23-августта Талас облусунун Бакай-Ата районунун Оро айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.

6 добуш алган Казымов Мухамбет Жаныбекович Оро айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.

Оро айыл өкмөтүндө бардыгы 11 депутат бар, добуш берүүгө алардын баары катышты. Айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына 2 талапкер катталган.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү