КР БШК: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын байкоо жүргүзүүсүнүн жыйынтыктары тууралуу

22 августа 2019

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Мамлекеттик кадр кызматынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү КР мыйзамдарынын сакталышына байкоо жүргүзүүсүнүн жыйынтыктары боюнча сунуштамаларын кабыл алды.

Маселен, КР БШКнын аппаратынын кызматчыларын 2019-жылдын аягына чейин окутуу жана алардын квалификациясын жогорулатуу боюнча план жана Этика боюнча комиссиянын жаңы курамы бекитилди.

Мамлекеттик жарандык кызматчылардын ишин баалоо боюнча КР МКК берген маалымкатта Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо тартиби жөнүндө” Жобонун пункттары төмөнкү талаптарга ылайык келет деп көрсөтүлгөн:

- кызматчылардын ишин баалоо боюнча комиссиянын түзүмү жана курамы жогоруда көрсөтүлгөн Жобонун 59- пунктуна ылайык келет;

- баалоо боюнча комиссиянын жана апелляциялык комиссиянын түзүмү жана курамы жогоруда көрсөтүлгөн Жобого ылайык келет;

- БШКнын аппаратынын мамлекеттик кызматчыларына класстык чендер ырааттуулукту сактоо менен ээлеген кызматына ылайык кызмат орундарынын тобунун чектеринде ыйгарылган.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү