КР БШК жергиликтүү кеңештердин алты депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
22 августа 2019
2019-жылы 22-августта КР БШК Токтогул, Тоң, Өзгөн, Ноокен жана Алай аймактык шайлоо комиссияларынын айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош депутаттык мандаттарды Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин шайланган депутаттарынан кийинки депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
Жалал-Абад облусунун төмөнкү депутаттары өз каалоолору боюнча өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотушту:
Акматбек уулу Тимурлан (Ноокен районунун Масы айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Эргешов Йигиталиге өткөрүп берилди.
Мамбетов Бактияр (Токтогул районунун Жаңы-Жол айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Акылбек уулу Залкарбекке өткөрүп берилди.
Ош облусунун төмөнкү депутаты өз каалоосу боюнча өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту:
Максутов Бактыбек (Алай районунун Ленин айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Мендибай уулу Жоодарбекке өткөрүп берилди.
Мадаев Гулжигит (Алай районунун Кабылан-Көл айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Дүйшөбаев Уларбекке өткөрүп берилди.
Мамасеит уулу Нурмухамбет (Өзгөн районунун Кара-Таш айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Маматов Каныбекке өткөрүп берилди.
Ысык-Көл облусунун төмөнкү депутаты өз каалоосу боюнча өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту:
Калыков Турусбек (Тоң районунун Ак-Терек айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Акчубаков Элдиярга өткөрүп берилди.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
