Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо дайындалды
22 августа 2019
КР БШКнын 2019-жылдын 22-августундагы токтому менен Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2019-жылдын 10-сентябрына (саат 9-00дөн 12-00ге чейин) дайындалды.
Ысык-Көл облусунун Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2019-жылдын 15-августундагы №73 буйругу менен Улахол айыл өкмөтүнүн башчысы Мамбеткеримов Акылбек Токтошевич берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
