КР БШК 2019-жылдын 22-сентябрына дайындалган Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча шайлоо участокторунун жана округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитти

14 августа 2019

КР БШК 2019-жылдын 14-августтагы токтому менен “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн  2, 4, 5-пункттарына, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 3-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө” 2019-жылдын 8-августундагы УП №102 Жарлыгына ылайык 2019-жылдын 22-сентябрына дайындалган Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча шайлоо участокторунун жана округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитти.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү