Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл өкмөтүнүн башчысын кайталап шайлоо дайындалды
14 августа 2019
2019-жылы 14-августта өткөн Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо талапкерлерге караганда “бардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн депутаттардын көпчүлүк добушу берилгенине байланыштуу 2019-жылы 14-августта КР БШК Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл өкмөтүнүн башчысын кайталап шайлоону 2019-жылдын 28-августуна (саат 9-00дөн 12-00гө чейин) дайындады.
Ноокат аймактык шайлоо комиссиясына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
