Чинарбеков Медербек Чинарбекович Чүй облусунун Сокулук районунун Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

14 августа 2019

2019-жылы 14-августта КР БШК мүчөлөрү Чинарбеков Медербек Чинарбековичти Чүй облусунун Сокулук районунун Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчылыгына шайланды деп тааныды.

Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2019-жылы 2-августта болуп өттү.

Гавриловка айылдык кеңеште бардыгы 21 депутат бар, алардын ичинен добуш берүүгө 19 депутат катышты. 17 депутат “макул”, экөө “баарына каршы” деп добуш берди. Айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна 1 талапкер катталган.

Чүй облусунун Сокулук районунун Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына даттануулар жана арыздар түшкөн жок.

Чинарбеков Медербек Чинарбекович

1991-жылы 1-апрелде Чүй облусунун Сокулук районунун Жыламыш айылында туулган.

Билими жогорку. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетин инженер адистиги боюнча (2010-2015жж.) бүтүргөн (диплом УВ №150149272).

Эмгек жолу:

2018-2019-жж. - Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу.

2016-2018-жж. - Сокулук районунун суу чарбасы башкармалыгы, 1- категориядагы инженер.

2013-2019-жж. - Сокулук районунун Жыламыш айылы, “Жыламыш” дыйкан чарбасы, жетекчи.

2012-2013-жж. – Бишкек ЭЭЗ, кароолчу.

Үй-бүлөлүк абалы: үйлөнгөн.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин маалыматык технологиялар башкы башкармалыгы 2019-жылы 22-июлда берген маалымкатка ылайык М.Ч. Чинарбековдун  Кыргыз Республикасынын аймагында соттуулугу жок.

Сокулук аймактык шайлоо комиссиясына Гавриловка айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү берүү тапшырылды.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү