Хосилов Нодир Носирович Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
17 июля 2019
2019-жылы 17-июлда КР БШК мүчөлөрү 2019-жылы 9 июлунда болуп өткөн шайлоодо добуш берүүнүнжыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдордун негизинде Хосилов Нодир Носирович Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүнүн башчылыгына бекитти.
Хосилов Нодир Носирович
1988-жылы 28-июлда Ош облусунун Кара-Суу районунун Зарбдор айылында туулган.
Билими жогорку. Ош Мамлекеттик Юридикалык Институтун “Юриспруденция” адистиги боюнча (диплом №СД120349041, 2012-ж. 25-август) бүтүргөн.
Эмгек жолу:
2012-2013 жж. – Нариман айыл өкмөтү, статист-экономист;
2013-2014 жж. – Нариман айыл өкмөтү, жетектөөчү адис статист-экономист;
2014-2016 жж. - Нариман айыл өкмөтү, жетектөөчү адис статист-экономист;
2016 ж. бүгүнкү күнгө чейин Нариман айыл өкмөтү, айыл өкмөтү башчынын орун басары.
Үй-бүлөлүк абалы: үйлөнгөн, эки баласы бар
Кыргыз Республикасынын ИИМдин маалыматык технологиялар башкы башкармалыгынын берген маалымкатына ылайык Хосилов Нодир Носировичтин соттуулугу жок.
Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясына Нариман айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү берүү тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү