Табылдиев Сүйүндүк Молдобекович Нарын облусунун  Кочкор районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

17 июля 2019

2019-жылы 17-июлда КР БШК мүчөлөрү 2019-жылы 9-июлунда болуп өткөн шайлоодо добуш берүүнүнжыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдордун негизинде Табылдиев Сүйүндүк Молдобековичти Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчылыгына бекитти.

Табылдиев Сүйүндүк Молдобекович

1977-жылы 17 январда Нарны облусунун Кочкор районунун Кара-Суу айылында туулган.

Билими жогорку. И.Арабаев атындагы  КМПУнун “Мукзыка” адистиги боюнча (диплом ГТ №01265  5.07.1997ж.), жана И.Арабаев атындагы  КМПУнун “Тарых укук таану  факультети” адистиги боюнча  бүтүргөн.

Эмгек жолу:

1997-1999 жж. - Кочкор районуна караштуу Ак-Талаа орто мектеби, музыка сабагынан мугалим;

2003-2004 жж. - Нарын облустук мамлекеттик админстрациясы,  соц. өнүктүрүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;

2004-2016 жж. - АРИС агенствосу, куратор , эксперт;

2016-ж. - Кочкор районунун Кара-Суу айылдык кеңеши, депутат;

Бүгүнкү  күнгө Кара-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары.

Үй-бүлөлүк абалы: үйлөнгөн, 4 баласы бар.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын берген маалымкатына ылайык Табылдиев Сүйүндүк МОлдобековичтин соттуулугу жок.

Кочкор аймактык шайлоо комиссиясына Кара-Суу айыл өкмөтүнөн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү берүү тапшырылды.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү