Шайлоону техникалык жактан камсыздоону өркүндөтүү – КР БШКнын чечүүчү милдеттеринин бири
16 июля 2019
КР БШК башчысы Н. Шайлдабекова жана БУУ ӨП баалоо боюнча эксперти Д. Хачатрян 2019-жылдын 15-июлундагы жолугушууда КР БШКда болгон жабдыктардын учурдагы абалын талкуулашты. Жолугушууга БШК аппаратынын программалык-техникалык камсыздоо, маалыматтарды иштеп чыгуу жана маалыматтардын коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы А. Акимбаев жана БУУ ӨП координатору У. Омуралиев катышты.
Жолугушууда 2015-жылдан бери шайлоо процессиндеги алдыңкы технологиялар ачык-айкын жана тынч шайлоо өткөрүүдө зор роль ойногону айтылды. Шайлоочулардын тизмелерин түзүүдө, добуштарды саноодо адам факторун жокко чыгаруу, ошондой эле шайлоо убагында жарандарды иденттештирүү менен жарандардын шайлоого ишенимин кайтарууга мүмкүн болду.
Н. Шайлдабекова колдо болгон АЭУлардын функционалы дайыма өзгөртүлүп турарын жана КР БШКнын аларды мындан ары дагы өнүктүрүү ниети бар экенин белгиледи.
Мындан тышкары, катышуучулар шайлоочулардын тизмелерин тактоо боюнча, ошондой эле шайлоочуларды иденттештирүү боюнча иш-аракеттердин негизги комплексинин КРӨ караштуу МККдан КР БШКга өтүүсүн, өз ара аракеттешүүнүн жаңы тартибин тактоо менен талкуулашты.
Бул максатта шайлоону техникалык жактан камсыздоону өркүндөтүү – шайлоочуларды иденттештирүү, электрондук окутуу жана УШК, АШКлардын ишин координациялоо үчүн компакттуу түзүлмөлөрдү пайдалануу зарыл.
Д. Хачатрян КР БШКнын шайлоо процессинде технологияларды колдонуудагы жетишкендиктерине жогору баа берди. Мындан тышкары, эксперт жабдыктарды пайдаланууга байланыштуу айрым сунуштамаларды берди.
БУУ ӨП өкүлдөрү 2020-жылы КР ЖК депутаттарын шайлоого карата даярдыктын алкагында КР БШКга эксперттик жана техникалык жактан көмөктөшүүгө даяр экенин билдиришти.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
-
