2019-жылдын 9-июлунда Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын шайлоосу өттү
09 июля 2019
2019-жылдын 9-июлунда Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды.
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 13 добуш алган Табылдиев Сүйүндүк Молдобекович шайланды.
Кара-Суу айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 20 катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 2 талапкер катталган.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
