Туйбаев Таалайбек Адиевич Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
05 июля 2019
2019-жылы 5-июлда КР БШК мүчөлөрү 2019-жылы 1-июлда болуп өткөн шайлоодо добуш берүүнүнжыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдордун негизинде Туйбаев Таалайбек Адиевичти Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башчылыгына бекитти.
Туйбаев Таалайбек Адиевич
1965-жылы 3-мартта Ош облусунун Кара-Суу районунун Шарк айылында туулган.
Билими жогорку. К.И. Скрябин атындагы айыл чарба институтун “Зооинженер” адистиги боюнча (диплом ТВ-1 №130686, 1992-ж. 30-май) бүтүргөн.
Эмгек жолу:
1986 ж. – “Отуз-Адыр” совхозу, жумушчу
1986-1992 жж. – К.И.Скрябин атындагы айыл чарба институту, студент
1992-1995 жж. – “Отуз-Адыр” совхозу, зоотехник-селекционер
1995-2000 жж. – “Улукман” фермердик чарбасы, зоотехник-селекционер
2000-2006 жж. – “Максат” фермердик чарбасы, жетекчи
2006-2015 жж. – Отуз-Адыр айыл өкмөтү, аскердик каттоо бөлүмүнүн ага инспектору
2015-ж. - Отуз-Адыр айыл өкмөтү, башчы
Үй-бүлөлүк абалы: үйлөнгөн, беш баласы бар
Кыргыз Республикасынын ИИМдин маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын берген маалымкатына ылайык Туйбаев Таалайбек Адиевичтин соттуулугу жок.
Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясына Отуз-Адыр айыл ъкмът\н\н шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү берүү тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү

