Сулайманов Баиш Дайырбекович Талас облусунун Кара-Буура районунун Бейшеке айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
05 июля 2019
2019-жылы 28-июнда КР БШК мүчөлөрү 2019-жылы 21 июнда болуп өткөн шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдордун негизинде Сулайманов Баиш Дайырбековичти Талас облусунун Кара-Буура районунун Бейшеке айыл өкмөтүнүн башчылыгына бекитти.
Сулайманов Баиш Дайырбекович
1962-жылы 9-мартта Талас облусунун Кара-Буура районунун Бейшеке айылында туулган. Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетин “Менеджмент” багыты боюнча аяктаган.
Эмгек жолу:
1980-1982 жж. – Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн
1982-1983 жж. – Бейшеке айылынын колхозунда, инструктор
1986-1987 жж. – Свердлов РИИБ, инструктор
1989-1991 жж. – Бакыян орто мектебинде, сүрөтчү
1992-2015 жж. – "Максат" дыйкан чарбасынын жетекчиси
2011-2019 жж. – Бейшеке айылдык кеңешинин депутаты.
Үй-бүлөлүк абалы: үйлөнгөн
Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясына Бейшеке айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү берүү тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү

