Анаров Саатбек Гапарович Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
05 июля 2019
2019-жылы 5-июлда КР БШК мүчөлөрү 2019-жылы 28-июнда болуп өткөн шайлоодо добуш берүүнүнжыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдордун негизинде Анаров Саатбек Гапаровичти Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчылыгына бекитти.
Анаров Саатбек Гапаровичти
1981-жылы 15-сентябрда Баткен облусунун Баткен районунун Көкташ айылында туулган.
Билими жогорку. Баткен Мамлекеттик Университетин экономика жана тарых факультетин тарых мугалим адистигин (диплом №УВ170473108 22.09.2017) бүтүргөн.
Эмгек жолу:
2015-2019жж. - Ак-Сай айылдык кеңешинин төрагасы
2011-2015жж. – Ак Сай айылдык кеңешинин төрага жардамчысы
2004-2011 жж. - Баткен ОсОО жана жеке менчик, дыйкан чарбаларда
2000-2004 жж. - Ш.Ганы атындагы толук эмес мектебинде тарых мугалими
Үй-бүлөлүк абалы: үйлөнгөн, 5 кыз 2 уулу бар
Кыргыз Республикасынын ИИМдин маалыматык технологиялар башкы башкармалыгынын берген маалымкатына ылайык Анаров Саатбек Гапарович соттуулугу жок.
Баткен аймактык шайлоо комиссиясына Ак-Сай айыл өкмөтүнүншайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү берүү тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү

