Астанакулов Байышбек Кахроманович Айдаркен шаарынын мэри болуп шайланды
01 июля 2019
2019-жылы 1-июлда Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен шаарынын мэрин шайлоо болуп өттү.
Астанакулов Байышбек Кахроманович Айдаркен шаарынын мэрлигине шайланды.
Анын талапкерлиги үчүн 11 депутат добуш берди. Айдаркен шаардык кеңешинде бардыгы 21 депутат бар, добуш берүүгө алардын 21и тең катышты. Шаар башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер катталган.
КР БШКнын 2019-жылдын 11-июнундагы №77 токтомуна ылайык Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурду.
Астанакулов Байышбек Кахроманович
1988-жылы 13-мартта Кадамжай шаарында туулган.
Жогорку билимдүү. Ош технологиялык университетин “финансист” адистиги боюнча, Жалал-Абад эл аралык университетин (КЭУ) “укук таануу” адистиги боюнча бүтүргөн; КР Президентине караштуу Башкаруу академиясынын “мамлекеттик башкаруу” адистиги боюнча магистранты; Түркия Республикасынын Анкара шаарында окутуудан Европадагы сот тутуму боюнча сертификаты бар адис.
Эмгек жолу:
2017-ж. – Ош шаардык кеңеш, башкы адис-юрист;
2016-2017-ж.ж. – судьянын жардамчысы;
2013-2016-ж.ж. – Жалал-Абад шаардык сот, сот жыйналышынын катчысы;
2012-ж. – Ош облусунун юстиция башкармалыгы, стажер;
2010-2011-ж.ж. – Жалал-Абаддагы “Билим Ордо” окуу борбору, директор.
Үй-бүлөлүк абалы: үйлөнгөн, үч баласы бар.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү

