2019-жылдын 1-июлунда Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн башчысынын шайлоосу өттү
01 июля 2019
2019-жылдын 1-июлунда Ош облусунун Алай районунун Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды. Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 7 добуш алган Мадаев Гүлжигит Мурзамидинович шайланды. Добуш берүүгө Кабылан-Көл айылдык кеңешиндеги 11 депутаттын 11 тең катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 2 талапкер катталган. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо эки тур менен өттү.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
