2019-жылдын 1-июлунда Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтүнүн башчысынын шайлоосу өттү

01 июля 2019

2019-жылдын 1-июлунда Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды. Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 8 добуш алган Манапов Азизбек Кубанычбекович шайланды. Добуш берүүгө Кызыл-Дыйкан айылдык кеңешиндеги 11 депутаттын 11 тең катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 2 талапкер катталган.

КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү