Калмуратов Тагдырбек Токтосунович Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
28 июня 2019
2019-жылы 28-июнда КР БШК мүчөлөрү Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун негизинде Калмуратов Тагдырбек Токтосуновичти Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчылыгына бекитти.
Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2019-жылы 21-июнда болуп өттү. Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына даттануулар жана арыздар түшкөн жок.
Калмуратов Тагдырбек Токтосунович
1982-жылы 29-октябрда Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылында туулган.
Жогорку билимдүү. Ош технологиялык университетин “бухгалтердик эсеп жана аудит” адистиги боюнча (диплом №CD070236325, 2007-ж. 25-октябрь) бүтүргөн.
Эмгек жолу:
2001-2002 ж.ж. – Кара-Суу райондук оорукана, бухгалтер
2007-2011 ж.ж. – Кеңеш айылы, катчы-машинист
2011-2013 ж.ж. – Кеңеш айылы, жаштар комитетинин төрагасы
2013-2014 ж.ж. – Кара-Кулжа району, Кеңеш айыл өкмөтү, финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу
2014-2015 ж.ж. – Кара-Кулжа району, Кенеш айыл өкмөтү, финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы
Үй-бүлөлүк абалы: үйлөнгөн, беш баласы бар.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин маалыматык аналитикалык борборунун берген маалымкатына ылайык Калмуратов Тагдырбек Токтосуновичтин соттуулугу жок.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү

