Каратаев Таяныч Асанбекович Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
28 июня 2019
2019-жылы 28-июнда КР БШК мүчөлөрү Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун негизинде Каратаев Таяныч Асанбековичти Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчылыгына бекитти.
Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2019-жылы 21-июнда болуп өттү. Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына даттануулар жана арыздар түшкөн жок.
Каратаев Таяныч Асанбекович
1960-жылы 26-февралда Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой айылында туулган.
1986-жылы Фрунзедеги политехникалык институтту “машина куруу технологиясы, металл кесүүчү станоктор жана аспаптар” адистиги боюнча аяктаган.
Эмгек жолу:
2018 жылы – “Көк-Ой” айыл өкмөтү, башчы
2018 жылы – “Көк-Ой” айыл өкмөтү, экономист-статист
2012 жылы – “Көк-Ой” айыл өкмөтү, жетектөөчү адистин м.а.
1994-2012 ж.ж. – “Көк-Ой” дыйкан чарбасы, мүчө
1991-1994 жылдары “Эмел” совхозу, башкы инженер
1988-1991 ж.ж. – “Көкө Мерен” совхозу, башкы инженер
1986-1988 ж.ж.–Миң-Куштагы Кыргыз өндүрүштүк “Оргтехника” бирикмеси, сменалык мастер
Жумгал аймактык шайлоо комиссиясына Көк-Ой айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү берүү тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү

