Чомотоев Канат Керимкулович Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
28 июня 2019
2019-жылы 28-июнда КР БШК мүчөлөрү Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун негизинде Чомотоев Канат Керимкуловичти Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер айыл өкмөтүнүн башчылыгына бекитти.
Шекер айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2019-жылы 21-июнда болуп өттү. Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына даттануулар жана арыздар түшкөн жок.
Чомотоев Канат Керимкулович
Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер айылында туулган.
Жогорку билимдүү. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин “Финансы жана кредит” адистиги боюнча (диплом № 003-3705, 2016-ж. 1-август) бүтүргөн.
Эмгек жолу:
2005-2009-ж.ж. – АПВ, башкы бухгалтер;
2008-2010-ж.ж. – Шекер айылдык кеңеши, депутат;
2011-2012-ж.ж. – Шекер айыл өкмөтү, бухгалтер-кассир;
2012-ж. – Шекер айыл аймагы, жайыт комитетинин төрагасы;
2013-2017-ж.ж. – “Аманбол” дыйкан чарбасынын жетекчиси.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин маалыматык технологиялар башкы башкармалыгынын берген маалымкатына ылайык К.К. Чомотоевдин соттуулугу жок.
Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясына Шекер айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү берүү тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү

