Асылбеков Нургазы Чолпонкулович Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакыян айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

28 июня 2019

2019-жылы 28-июнда КР БШК мүчөлөрү Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун негизинде Асылбеков Нургазы Чолпонкуловичти Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакыян айыл өкмөтүнүн башчылыгына бекитти.

Бакыян айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2019-жылы 21-июнда болуп өттү. Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакыян айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына даттануулар жана арыздар түшкөн жок.

Асылбеков Нургазы Чолпонкулович

Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакыян айылында туулган.

Жогорку билимдүү. Кыргыз мамлекеттик юридикалык академияны “Юриспруденция” адистиги боюнча (диплом № 1420, 2009-ж. 15-июль). бүтүргөн.

Эмгек жолу:

2001-2004-ж.ж. Бакыян айыл өкмөтү, АЭС (ВУС) начальниги

2008-ж. “Асылбек” дыйкан чарбасынын жетекчиси

2011-2016-ж.ж. КРӨ караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция, жетектөөчү адис/улук инспектор/башкы инспектор

2015-ж. Бакыян айылдык кеңеши, депутат

2016-ж. Бакыян айыл өкмөтү, башчы

2019-ж. Бакыян айылдык кеңеши, экс-депутат

Кыргыз Республикасынын ИИМдин маалыматык технологиялар башкы башкармалыгынын берген маалымкатына ылайык Н.Ч. Асылбековдун соттуулугу жок.

Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясына Бакыян айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү берүү тапшырылды.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү