Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Ак-Терек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо дайындалды

28 июня 2019

КР БШКнын 2019-жылдын 28-июнундагы токтому менен Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Ак-Терек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2019-жылдын 17-июлуна (саат 9.00дөн 12-00гө чейин) дайындалды.

Ысык-Көл облусунун Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 19-июнундагы №48 буйругу менен Ак-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Боталаев Азамат Кадырбекович өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.

Маалымат катары:

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык “айыл өкмөтүнүн башчысы ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы бош орун түзүлгөн күндөн тартып 10 календардык күндөн кечиктирбестен айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындайт”.

Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо дайындалган күндөн тартып 20 календардык күндүн ичинде өткөрүлөт.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү