Абдыразаков Асылбек Таштанбекович Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

28 июня 2019

2019-жылы 28-июнда КР БШК мүчөлөрү Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун негизинде Абдыразаков Асылбек Таштанбековичти Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айыл өкмөтүнүн башчылыгына бекитти.

Байтик айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2019-жылы 21-июнда болуп өттү. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына даттануулар жана арыздар түшкөн жок.

Абдыразаков Асылбек Таштанбекович

1975-жылы 2-сентябрда Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылында туулган.

Жогорку билимдүү. Бишкектеги кечки жеңил өнөр жай техникумун "бухгалтердик  эсеп, анализ  жана  аудит" адистиги боюнча (1994-1997-ж.ж.), ошондой эле И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин “экономист” адистиги боюнча (2003-2007-ж.ж., диплому №12345, 2007-ж. 15-июль) бүтүргөн.

Эмгек жолу:

2015-2016 ж.ж. – КР айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигине караштуу Элитамамлекеттик асыл-тукум станциясы МИ, башкы бухгалтер

2012-2016 ж.ж. – Байтик айылдык кеңеш, 26-чакырылыштын депутаты

2011-2012 ж.ж. – Байтик айыл округу, айыл округунун башчысынын м.а.

2009-2011-ж.ж. – Байтик айыл өкмөтүнүн Жайыт комитети, төрага

2008 -2012 ж.ж. – Байтик айылдык кеңеш, 25-чакырылыштын депутаты

2001-2003 ж.ж. – “Аламүдүн” айыл чарба кооперативи, бригадирдин жардамчысы

1997-2000 ж.ж. – “Байтик-тур” ЖЧК, туроператор

1993-1997 ж.ж. – “БайтикППФ, реализатор

Үй-бүлөлүк абалы: үйлөнгөн, 4 баласы бар

Кыргыз Республикасынын ИИМдин маалыматык технологиялар башкы башкармалыгынын 2019-жылдын 11-июнунда береген маалымкатына ылайык А. Абдыразаковдун Кыргыз Республикасынын аймагында соттуулугу жок.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү