2019-жылдын 20-июнунда Шекер айыл өкмөтүнүн башчысынын шайлоосу өттү

20 июня 2019

2019-жылдын 20-июнунда Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды. Шекер айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 13 добуш алган Чомотоев Канат Керимкулович шайланды. Шекер айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 21 тең катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 2 талапкер катталган.

КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү