Башкы Жаңылыктар Саясий партияларды өнүктүрүүнү укуктук жактан жөнгө салуу. Милдеттер …

Саясий партияларды өнүктүрүүнү укуктук жактан жөнгө салуу. Милдеттер жана чечүүнүн сунушталган жолдору

21-Июн, 2019

Саясий партияларды өнүктүрүүнү укуктук жактан жөнгө салуу. Милдеттер жана чечүүнүн сунушталган жолдору

Туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук Кеңеш тарабынан жактырылган 2018-2020-жылдарга шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясында мезгил талаптарына шайкеш келген жана саясий партиялардын калыптанып, өнүгүшү үчүн укуктук шарттарды түзгөн Кыргыз Республикасынын саясий партиялар жөнүндө мыйзамын иштеп чыгуу жана кабыл алуу боюнча чаралар каралган.

Стратегияны жүзөгө ашыруу алкагында Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча Жумушчу топ саясий партиялар жөнүндө мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуунун үстүндө иштөөдө.

Конрад Аденауэр атындагы Фондунун Борбордук Азиядагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен 21-22-июнда саясий партиялардын өкүлдөрүнүн, Жогорку Кеңештин депутаттарынын, БШКнын мүчөлөрүнүн, ЕККУнун (БДИПЧтин) эл аралык эксперттеринин катышуусунда “Саясий партияларды өнүктүрүүнү укуктук жактан жөнгө салуу. Милдеттер жана чечүүнүн сунушталган жолдору” деген темада кезектеги эксперттик  талкуу өтүүдө. Аны менен катар шайлоо мыйзамдарын бузгандык үчүн санкцияларды киргизүү боюнча мыйзам долбоорлору талкууланат.

Мурда партиялык ишти укуктук жактан жөнгө салуу, эл аралык тажрыйбасы маселелери боюнча кеңири форматта коомдук диалогдор өткөнүн белгилей кетүү керек.

ЕККУнун (БДИПЧтин) эл аралык эксперттери тарабынан партиялык ишти жөнгө салуунун алдыңкы тажрыйбалары баяндалды, КРдеги саясий партиялардын ишин мыйзам аркылуу жөнгө салуунун маселелери, негизги мамилелери талкууланды.

Талкуунун жүрүшүндө саясий партиялар жөнүндө мыйзамда биригүүгө эркиндик укугун сактоонун зарылдыгы жана бул укукту ишке ашырууда чектен ашкан чараларды киргизүүдөн баш тартуу жөнүндө сунуштар айтылды.

Ошону менен бирге, шайлоого катышууга жана өкүлчүлүктүү мыйзам чыгаруу органдарында иштөөгө ниеттенген партиялар партиялардын ишин каржылоонун айкындуулугуна, шайлоого баланыштуу партиялык ички чечимдерди кабыл алуунун айкындуулугуна, партиялык ички демократияны сактоого тиешелүү ж.б. бир катар талаптарды аткаруулары керек. Башка маселелердин ичинде партиялардын ишин мамлекеттик каржылоону киргизүү маселеси дагы бар.

Коомдук талкуулардын, ошондой эле эл аралык эксперттерден түшкөн сунуштардын жыйынтыктары боюнча саясий партиялар жөнүндө мыйзамдын долбоору түзүлдү, ал аталган тегерек үстөлдө талкууланууда. Тегерек  үстөлгө ЕККУнун (БДИПЧтин) шайлоолор боюнча департаментинин директору Александр Шлык баш болгон эксперттер катышууда.

Эксперттер “Жарандык платформ” коомдук бирикмеси тарабынан жүргүзүлгөн Кыргызстандагы партиялардын өнүгүүсү жөнүндө изилдөөлөрдүн жыйынтыктары баяндалды.

2018-2020-жылдарга шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясынан маалымат:

 “Жарандардын кызыкчылыктарын билдирүү жана саясий ишке ашыруу институттары жана бийликтин өкүлчүлүктүү органдарын калыптандыруу институттары катары парламенттик типтеги саясий партияларды өнүктүрүү”

Саясий партиялар калктын белгилүү-бир бөлүгүнүн саясий эркин жүзөгө ашырган демократиянын маанилүү институту болуп саналат, анын негизги максаты мыйзам менен каралган формаларда мамлекеттик ишти башкарууда катышуу болуп саналат. Саясий партиялар элдин кызыкчылыгын билдириши керек жана жарандык коомду өнүктүрүүнүн ылдамдаткычы болуп саналат.

1999-жылдын 12-июнундагы “Саясий партиялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы бир инсандын негизинде эмес (саясий партиянын лидери), идеологиянын негизинде анын мүчөлөрүн бириктирген жашап кетүүгө жана атаандаштыкка жөндөмдүү саясий партияларды түзүүсү жана иштөөсү үчүн шарттарды түзбөйт.

Көрсөтүлгөн стратегиялык максатка жетүү үчүн төмөнкү милдеттерди чечүү сунушталат:

Саясий партияларды өнүктүрүү үчүн укуктук шарттарды түзүү.

Милдетти ишке ашыруу үчүн саясий партияларды уюштурууга бирдиктүү талаптарды, партиялык курулуш боюнча механизмдерди жана ички партиялык жол-жоболор, шайлоолорго катышуучу жана шайлоочулардын добуштарынын белгилүү-бир пайызын алган саясий партияларды мамлекеттик колдоо формаларына карата бирдиктүү талаптарды караган “Саясий партиялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы редакциясын иштеп чыгуу жана кабыл алуу зарыл.

“Саясий партиялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын жаңы Мыйзамын кабыл алуу парламенттик типтеги саясий партияларды калыптандыруу жана өнүктүрүү үчүн мыйзамдык шарттарды түзөт.

Саясий партиялардын ишинин ачык-айкындыгын камсыз кылуу

- талапкерлер жана талапкерлердин тизмелери боюнча сунуштоо/чечимдерди кабыл алуунун ачык айкын тартибин, ошондой эле талапкерлерди/талапкерлердин тизмелерин сунуштоо боюнча (район, облус, борбор)съездди өткөрүүнүн иерархиясын белгилөө;

- саясий партиялар тарабынан коомчулук үчүн өздөрүнүн иши тууралуу отчетторду, анын ичинде финансылык отчетторду жыл сайын жарыялап туруу жөнүндө талаптарды белгилөө, ошондой эле саясий партиялардын шайлоо фондуна түшкөн акча каражаттарынынкелип чыгуу булактарын, шайлоо өнөктүгү учурунда саясий партиялардын чыгымдарын ачууга багытталган ченемдерди киргизүү.

Саясий партиялардан талапкерлердин тизмесин сунуштоодо жана бекитүүдө саясий партиялардын мүчөлөрү тарабынан чечим кабыл алуунуначык айкындыгы камсыздалууга жана партия ичиндеги коррупция жок болууга тийиш,мунун натыйжасында финансылык мүмкүнчүлүктөрдүн, башка жагымсыз факторлордун саясий

партиялардан талапкерлердин тизмесин түзүүгө жана жалпы эле шайлоо өнөктүгүнө таасир этүүсүн төмөндөтөт.

Шайлоо өнөктүгүн каржылоонун эрежелеринде добуш берүү күнүнө чейин шайлоо өнөктүгүн каржылоо булактарын табуу, шайлоодо келип түшкөн каражаттар жана чыгымдар жөнүндө деталдуу жыйынтык отчеттордужана ал отчетторду текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө жарыялоо боюнча милдеттенмелер, ошондой эле өнөктүктү каржылоо эрежелеринбузуу үчүн токтоткон жана ага шайкеш келген санкциялар каралууга тийиш.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>