Курбанов Темур Дастанбекович Жалал-Абад облусунун Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
20 июня 2019
2019-жылы 20-июнда КР БШК мүчөлөрү 2019-жылы 14-июнда болуп өткөн шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдордун негизинде Курбанов Темур Дастанбековичти Жалал-Абад облусунун Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтүнүн башчылыгына бекитти.
Курбанов Темур Дастанбекович
Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районундагы С.Атабеков айыл өкмөтүнүн Бек-Абад айылында туулган.
Жогорку билимдүү. Жалал-Абад мамлекеттик университетин инженер-программист адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолу:
2016-жылдан Сузак районунун С.Атабеков айылдык кенешинин депутаты;
2016-жылдан бери ОсОО «Билдинг менеджер групп» - жетекчи;
2012-2017-жж. Сузак райондук виза жана каттоо болумундо оператор-кассир (ОсОО РПС);
2011-2015-жж. ОсОО «Береке-Жаз», жетекчи;
2010-жылы ЖАМУнун китепканасында оператор.
Сузак аймактык шайлоо комиссиясына шайланган башчыга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү берүү тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү

