Орозбаев Мирланбек Абдимиталипович Ош облусунун Араван районунун Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
20 июня 2019
2019-жылы 20-июнда КР БШК мүчөлөрү 2019-жылы 14-июнда болуп өткөн шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдордун негизинде Орозбаев Мирланбек Абдимиталиповичти Ош облусунун Араван районунун Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн башчылыгына бекитти.
Орозбаев Мирланбек Абдимиталипович
1983-жылы 16-майда Ош облусунун Ноокат районунун Бел айылдык аймагынын Бел-Ѳрүк айылында туулган.
Ош Мамлекеттик Университетин «Математикалык усулдар жана экономикадагы операцияларды изилдөө» адистиги боюнча аяктаган жана 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу Академиясынын «Менеджмент» багыты боюнча МАГИСТР академиялык даражасына ээ болгон.
Эмгек жолу:
2016-жылдын декабрь айынан бери Тѳѳ-Моюн айылдык Кеңешинин депутаты
2014-жылдын сентябрь айынан Тѳѳ-Моюн айыл өкмөтүнүн орун басары
2014-жылдын июль айынан Тѳѳ-Моюн айыл өкмөтүнүн орун басарынын убактылуу милдетин аткаруучу
2014-жылы-Чет өлкөлөрдөгү кыргыз диаспораларынын III Дүйнөлүк Форумун Москва шаарында уюштуруу комитетинин мүчѳсү
2012-2014-жылдары – Жеке ишкер
2011-жылдын июль айынан Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын экономика жана инвестиция тартуу бөлүмүнүн башкы адиси
2011-жылдын январь айынан Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын экономика жана инвестиция тартуу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси
2010-жылы -Кыргыз Республикасынын экономиканы тескѳѳ министрлигинде стажировка ѳтѳгѳн
2009-2010-жылдары - Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын жетектөөчү адиси
2007-2008-жылдары–«Ийгилик жарнамасы» маалыматтык-жарнамалык гезитинин башкы редактору
2005-2006-жылдары - Ош Мамлекеттик Университеттинин окутуучусу
Араван аймактык шайлоо комиссиясына шайланган башчыга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү берүү тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү

