Карыяев Алымбек Убаневич Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар айыл айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

20 июня 2019

2019-жылы 20-июнда КР БШК мүчөлөрү 2019-жылы 14-июнда болуп өткөн шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдордун негизинде Карыяев Алымбек Убаневичти Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн башчылыгына бекитти.

Карыяев Алымбек Убаневич

1979-жылдын 20-июнунда Ош  облусуна караштуу Кара-Кулжа районундагы Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн Коо-Чаты  айылында туулган.

Жогорку билимдүү. Ош мамлекеттик университетин тарых мугалим  адистиги  жана  Ош технологиялык университетинин  экономика  факультетинин  бухгалтер-эконоимист адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолу:

2009-жылы  Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар  айыл   өкмөтүнүн салык  кызматкери;

2010-жылдан бери Кызыл-Жар  айыл  өкмөтүнүн чыгашалар  боюнча  адис, бухгалтер-кассири  болуп  иштеп  келген.

Кара-Кулжа  аймактык шайлоо комиссиясына шайланган башчыга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү берүү тапшырылды.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү