Башкы Жаңылыктар КР БШК жергиликтүү кеңештердин тогуз депутатынын ыйгарым укуктарын …

КР БШК жергиликтүү кеңештердин тогуз депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

20-Июн, 2019

2019-жылы 20-июнда КР БШК Ысык-Ата, Чүй, Кемин, Токмок, Бишкек, Ала-Бука, Ысык-Көл жана Каракол АШКларынын айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош депутаттык мандаттарды Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин шайланган депутаттарынан кийинки депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.

Депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга айкалышпаган кызмат орунуна дайындалганына байланыштуу жана өз арызы, каза болгондугуна байланыштуу айрым депутаттар өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотушту.

Чүй облусу:

Депутат Джумаев Рустам (өз арызы, Ысык-Ата районунун Ак-Кудук айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Саибов Рустамга өткөрүп берилди.

Депутат Шамшидин уулу Эсенбек (өз арызы, депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга айкалышпаган кызмат орунуна дайындалган. Чүй районунун Кош-Коргон айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Сатыбалдиев Улукбекке өткөрүп берилди.

Депутат Мамбетказиев Айбек (өз арызы, Кемин районунун Кара-Булак айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Усупов Эмилбекке өткөрүп берилди.

Депутат Исалиев Акылбек (каза болгондугуна байланыштуу, Токмок шаардык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Чолпонкулов Майрамбекке өткөрүп берилди.

Депутат Сейитбеков Тилек ( каза болгондугуна байланыштуу, Чүй районунун Чүй айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Батыркан уулу Максатка өткөрүп берилди.

Бишкек шаары:

Депутат Сыдыков Эмил (“Өнүгүү-Прогресс” фракциясы, №4. Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Жамгырчиев Талантбекке өткөрүп берилди. (“Өнүгүү-Прогресс” фракциясы, №11)

Жалал-Абад облусу:

Депутат Жумагулов Эркинбек (өз арызы, Ала-Бука районунун Өрүктү айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Жолдошова Аидага өткөрүп берилди.

Ысык-Көл облусу:

Депутат Курманалиев Таалайбек (өз арызы, Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Рашев Рахматка өткөрүп берилди.

Депутат Жампеишов Руслан (өз арызы, Каракол шаардык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Тельтаев Калысбекке өткөрүп берилди.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>