2019-жылдын 9-июлуна  Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман жана Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Суу айыл өкмөт башчыларын шайлоосу дайындалды

20 июня 2019

Айыл өкмөт башчылары өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулганына байланыштуу КР БШКнын токтому менен Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман жана Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Суу айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2019-жылдын 9-июлуна дайындалды.

У. Рахманов - өзү берген арызынын негизинде Ош облусунун Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 12-июндагы № 130-буйругу менен ээлеген кызматынан бошотулган.

М. Молдогазиев - өзү берген арызынын негизинде Нарын облусунун Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 13-июндагы11-б буйругу менен ээлеген кызматынан бошотулган.

Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруп, өткөрүү Кара-Суу жана Кочкор АШКна тапшырылды.

Маалымат катары:

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү