Розалиев Нодирбек Зокиржанович Ош облусунун Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
03 июня 2019
2019-жылы 3-июнда КР БШК мүчөлөрү 2019-жылы 27-майда болуп өткөн шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдордун негизинде Розалиев Нодирбек Зокиржановичти Ош облусунун Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчылыгына бекитти.
Розалиев Нодирбек Зокиржанович
1988-жылы 5-июнда Ош облусунун Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айылында туулган.
Жогорку билимдүү. Ош Кыргыз-Өзбек университетин “Бухгалтердик талдоо, аудит жана экономист” адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолу:
2007-2010-жылдары – Ноокат районунун социалдык фонду, бухгалтердин жардамчысы;
2010-2014-жылдары – “Максад” ЖАК, башкы бухгалтер;
2014-2017-жылдары – Жаңы-Ноокат айылындагы №58 КЛ, бухгалтер;
2017-2019-жылдары – Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн салык инспекциясы, начальник.
Кошумча маалымат:
Үйлөнгөн, үч баласы бар.
Ноокат аймактык шайлоо комиссиясына шайланган башчыга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү берүү тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү

