КР БШК жергиликтүү кеңештердин алты депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
03 июня 2019
2019-жылы 3-июнда КР БШК Нарын, Кочкор жана Жумгал АШКларынын айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош депутаттык мандаттарды Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин шайланган депутаттарынан кийинки депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
Депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга айкалышпаган кызмат орунуна дайындалганына байланыштуу Нарын облусунун айрым депутаттары өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотушту.
Депутат И. Муканбетов (Нарын районунун Эмгекчил айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер С. Ыманакуновго өткөрүп берилди.
Депутат Р. Салбаров (Кочкор районунун Кара-Суу айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Ш. Абдыгуловго өткөрүп берилди.
Депутат К. Качкынбаев (Жумгал районунун Байзак айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Ж. Матыкеевге өткөрүп берилди.
Каза болгонуна байланыштуу депутат Б. Абдразаковдун (Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Чалма айылдык кеңеши) ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Ж. Темиркуловага өткөрүп берилди.
Ош облусундагы төмөнкү депутаттары өз каалоолору боюнча өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотушту.
Депутат Т. Жаркынбаев (Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Б.Курмантаевге өткөрүп берилди.
Депутат Т. Райымжанов (Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар айылдык кеңеши).
Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер А. Чыныбаевге өткөрүп берилди.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
