2019-жылы 20-21-июнда жети айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өтөт
03 июня 2019
2019-жылы 30-31-майда Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин жаңы шайланган 127 депутаты биринчи сессиясын өткөрүштү.
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жаңы шайланган айылдык кеңештин биринчи сессиясынын күнүнөн тартып 10 календардык күндөн кечиктирбестен дайындалат.
Ушуга байланыштуу КР БШК жети айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо датасын бекитти.
Шайлоо төмөнкүлөрдө дайындалды:
Ош облусу (Кара-Кулжа районунун Кеңеш айыл өкмөтү, Ноокат районунун Н. Исанов айыл өкмөтү).
Талас облусу (Кара-Буура районунун Шекер, Бакыян, Бейшеке айыл өкмөттөрү).
Чүй облусу (Аламүдүн районунун Байтик айыл өкмөтү).
Нарын облусу (Жумгал районунун Көк-Ой айыл өкмөтү).
Кара-Кулжа, Ноокат, Кара-Буура, Аламүдүн жана Жумгал аймактык шайлоо комиссияларына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык шайлоо өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.
Маалымат катары:
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
