БШКнын мүчөлөрү жана кызматкерлери балдардын “Үмүт-Надежда” Реабилитациялык борборуна жардам беришти

31 мая 2019

Балдарды коргоо күнүнө карата БШКнын мүчөлөрү жана кызматкерлери балдардын “Үмүт-Надежда” Реабилитациялык борборунун тарбиялануучуларын куттуктап, бастырма курууну аяктоо үчүн зарыл болгон каражаттарды тапшырышты.

Балдардын “Үмүт-Надежда” Реабилитациялык борбору ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарга көмөк көрсөтүүчү коомдук кайрымдуулук уюм болуп саналат. Борбор тарабынан жүргүзүлгөн реабилитациялоонун адистешкен программасы тарбиялануучуларга төмөнкүлөрдү алууга мүмкүнчүлүк түзөт:

- окуу предметтери боюнча билим;

- өзүн өзү тейлөөнүн белгилүү бир көндүмдөрүн;

- социалдык жүрүм-турумду;

- карапа өндүрүшү, жыгачтан буюм жасоо, багбанчылык, тамак даярдоо жана сайма, оймо, токуу боюнча.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү