Кыргыз Республикасындагы Казакстандын Элчиси 2019-жылы 9-июнда өтүүчү кезексиз президенттик шайлоого даярдыктын жүрүшү жөнүндө маалымат берди

29 мая 2019

2019-жылы 29-майда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Төрагасы Н.Шайлдабекованын Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси К. Кокрекбаев менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда Казакстандын Элчиси Казакстан Республикасынын Президентин кезексиз шайлоого даярдыктын жүрүшү жөнүндө маалымат берди.

Шайлоого катышуу үчүн 7 партиядан 7 талапкер көрсөтүлдү, анын ичинен бир талапкер – аял.

К. Кокрекбаев Казакстан алдыдагы шайлоого 1 000дин тегерегиндеги эл аралык байкоочунун, анын ичинен ЕККУ (БДИПЧ), КМШ, ШКУ, ТККК ж.б. өкүлдөрүнүн катышуусун күтүп жатканын белгиледи, алар өлкө боюнча Нур-Султан, Алматы, Тараз, Шымкент ж.б. камтыган участоктордо болушмакчы.

Бул өңүттө ал эл аралык байкоочу катары өз өкүлдөрүн жөнөткөнү үчүн кыргыз тарапка ыраазычылыгын айтты.

Өз кезегинде Н. Шайлдабекова мурда – 2015 жана 2017-жылдары Кыргыз Республикасында өткөрүлгөн шайлоолорго байкоо жүргүзүүгө катышкандыгы үчүн казак тарапка ыраазычылыгын билдирип, шайлоону Казакстандын мыйзамдарына ылайык ийгиликтүү жана туруктуу өткөрүүнү жана мамлекет башчысы үчүн кийинки шайлоо мөөнөтүнө калктын ишеним кредитин алуусун каалады.

9-апрелде Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев мамлекет башчысын мөөнөтүнөн мурда шайлоо жарыялаганын, анын жарлыгына ылайык шайлоо үстүбүздөгү жылдын 9-июнунда өтөөрүн эске салабыз. Республиканын Президенти беш жылдык мөөнөткө шайланат. Конституцияга ылайык мамлекет башчысын кезектеги шайлоо декабрдын биринчи жекшембисинде, ал эми кезексиз шайлоо өлкөнүн Президентинин чечими менен шайлоо дайындалган күндөн тартып, эки айдын ичинде өткөрүлөт.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү  

 

\