Шамшидин уулу Эсенбек Чүй облусунун Чүй районунун Кош-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
28 мая 2019
2019-жылы 27-майда КР БШК мүчөлөрү 2019-жылы 22-майда болуп өткөн шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдордун негизинде Шамшидин уулу Эсенбекти Кош-Коргон айыл өкмөтүнүн башчылыгына бекитти.
Шамшидин уулу Эсенбек
1966-жылы 20-мартта Чүй облусунун Чүй районунун Кош-Коргон айылында туулган.
Жогорку билимдүү. 2002-жылы Бишкек гуманитардык университетин “Экология жана жаратылышты пайдалануу” адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолу:
1983-1984-жылдары – Чүй жашылча-жемиш совхозунда жумушчу.
1984-1986-жылдары – армияда кызмат өтөгөн.
1986-1987-жылдары – Чүй совхозу, инструктор.
2002-2004-жылдары – Чүй районунун Кош-Коргон айыл өкмөтү, бухгалтер.
2017-2019-жылдары – Чүй облусунун Чүй районунун Кош-Коргон айылдык кеңештин депутаты.
Кошумча маалымат:
Үйлөнгөн, үч баласы бар
Чүй аймактык шайлоо комиссиясына шайланган башчыга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү берүү тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү

