Үсөнбаев Жаныбек Акылбекович Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Барскон айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
28 мая 2019
2019-жылы 27-майда КР БШК мүчөлөрү 2019-жылы 22-майда болуп өткөн шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдордун негизинде Үсөнбаев Жаныбек Акылбековичти Барскон айыл өкмөтүнүн башчылыгына бекитти.
Үсөнбаев Жаныбек Акылбекович
1973-жылы 12-сентябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Барскон айылында туулган.
Жогорку билимдүү. К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетин “Физика окутуучусу” адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолу:
1995-1999-жылдары – мугалим, №45 ОМ;
1999-2000-жылдары – К. Тыныстанов атындагы ЫМУда окуу мастери;
2001-2002-жылдары – Жети-Өгүз ЦЗН координатору;
2002-2007-жылдары – Барскон айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы;
2007-2018-жылдары – “Хабиб Кыргызстан” БОФ Ысык-Көл регионунун директору.
Кошумча маалымат:
Үйлөнгөн, беш баласы бар.
Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясына шайланган башчыга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү берүү тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү

