Мияшев Курбанбек Абдылдаевич Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
28 мая 2019
2019-жылы 27-майда КР БШК мүчөлөрү 2019-жылы 22-майда болуп өткөн шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдордун негизинде Мияшев Курбанбек Абдылдаевичти Папан айыл өкмөтүнүн башчылыгына бекитти.
Мияшев Курбанбек Абдылдаевич
1971-жылы 20-февралда Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүнүн Ак-Терек айылында туулган.
Жогорку билимдүү. 1997-жылы Ош технологиялык университетин “ТБУ инженери” адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолу:
1988-1989-жылдары –Папан совхозу, слесарь-механик;
1989-1991-жылдары – армияда кызмат өтөгөн;
1993-1994-жылдары – Ош ИИБ инспектору;
1994-2007-жылдары – “Аргымак” жеке менчик фирмасы, жумушчу;
2007-2008-жылдары – Актерек айыл аймагынын башчысы;
2010 – 2014-жылдары – Папан айыл аймагынын маалымат жана миграция бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
2017-жылы – Папан айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары.
Кошумча маалымат:
Үйлөнгөн, үч баласы бар.
Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясына шайланган башчыга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү берүү тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү

