2019-жылы 19-майда болуп өткөн айрым айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилди

27 мая 2019

2019-жылы 27-майда КР БШК 2019-жылы 19-майда болуп өткөн Чүй, Нарын, Талас, Ош жана Баткен облустарынын айрым айылдык кеңештеринин депутаттарын кезектеги жана мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитти.

Жергиликтүү кеңештерге 233 депутат шайланды.

Добуш берүүгө 25 229 шайлоочу катышты, бул шайлоочулардын тизмесине киргизилген 54 782 шайлоочунун 46,05%ын түздү.

Добуш берүү күнүндө талапкерлерден жана коомдук уюмдардан 1000ден ашык байкоочу байкоо жүргүздү.

Шайлоо процессинин убагында жергиликтүү кеңештердин шайлоо участокторунда МККнын жана АЭУнун жабдыктарында үзгүлтүктөр болгон жок.

Добуш берүү процесси, добуштардын жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо боюнча шайлоо мыйзамдарын бузуу бузуу жөнүндө арыздар жана даттануулар түшкөн эмес.

Аймактык шайлоо комиссиялары участоктук шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорунун негизинде төмөнкү кеңештерде шайлоо болуп өткөнүн табышты жана депутаттарды шайлоонун натыйжаларын аныкташты:

Чүй облусу:  Кызыл-Дыйкан жана Байтик айылдык кеңештерде;

Нарын облусу: Көк-Ой айылдык кеңешинде;

Талас облусу: Шекер, Бейшеке, Бакыян айылдык кеңештерде;

Ош облусу: Кеңеш, Кабылан-Көл, Отуз–Адыр, Н. Исанов айылдык кеңештерде;

Баткен облусу: Самаркандек, Ак-Татыр, Ак-Сай айылдык айылдык кеңештерде.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү