КР БШК 2019-жылы 27-майда депутаттын мандатын Аскарова Айнурага өткөрүп берди
27 мая 2019
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Назаровдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулганына байланыштуу мандат депутаттыкка талапкерлердин тизмесинде кезектүүлүк боюнча кийинки талапкер Аскарова Айнура Алмасбековнага өткөрүп берилди.
КР БШК 2019-жылы 27-майда түшкөн жеке арызынын негизинде “Кыргызстан” саясий партиясынан талапкерлердин тизмеси боюнча шайланган Назаров Айтмамат Кошоевичтин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом кабыл алды.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош мандаты болгонуна байланыштуу КР БШК “Кыргызстан” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош мандатын Аскарова Айнура Алмасбековнага өткөрүп берүү жөнүндө токтом кабыл алды.
Ага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын күбөлүгү жана төш белгиси берилди.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү

