2019-жылдын 22-майында кээ бир айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын шайлоосу өттү
22 мая 2019
2019-жылдын 22-майында Чүй облусунун Чүй районунун Кош-Коргон, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгуз районунун Барскоон, Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөттөрүнүн башчылары шайланды.
Натыйжада:
- Чүй облусунун Чүй районунун Кош-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 6 добуш алган Шамшидин уулу Эсенбек шайланды. Кош-Коргон айылдык кеңешиндеги 11 депутаттан 10ну катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 2 талапкер катталган.
- Ысык-Көл облусунун Жети-Өгуз районунун Барскоон айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 14 добуш алган Усенбаев Жаныбек Акылбекович шайланды. Барскоон айылдык кеңешиндеги 21 депутаттан 21 тең катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 4 талапкер аттанган.
- Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 12 добуш алган Мияшев Курбанбек Абдылдаевич шайланды. Папан айылдык кеңешиндеги 21 депутаттан 21 тең катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 6 талапкер аттанган.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
