2019-жылы 19-майда Ош облусунун депутаттарын шайлоонун алдын ала жыйынтыктары

20 мая 2019

2019-жылы 19-майда Ош облусунун Кара-Кулжа, Алай, Кара-Суу жана Ноокат райондорунда шайлоо болуп өттү.

Ош облусу боюнча бардыгы 174 талапкерден 74 депутат шайланды.

18 шайлоо участогунда добуш берүү участоктук шайлоо комиссияларынын (УШК) 187 мүчөсү тарабынан уюштурулду.

Добуш берүүгө 10 040 шайлоочу катышты, бул шайлоочулардын тизмесине киргизилген 22 803 шайлоочунун 44,03 %ын түздү.

Добуш берүү күнүндө талапкерлерден жана коомдук уюмдардан 345 байкоочу байкоо жүргүздү.

Добуш берүүнүн жана добуштарды эсептөөнүн жүрүшүндө бузуулар жөнүндө арыздар жана даттануулар түшкөн эмес.

Кара-Кулжа району, Кеңеш айылдык кеңеши:

21 талапкерден 11 депутат шайланды. Бардыгы 905 шайлоочу добуш берди, бул шайлоочулардын тизмесине киргизилген 1 890 шайлоочунун 47,88%ын түздү. 63 байкоочу байкоо жүргүздү.

Кара-Суу району, Отуз-Адыр айылдык кеңеши:

61 талапкерден 21 депутат шайланды. Бардыгы 4 222 шайлоочу добуш берди, бул шайлоочулардын тизмесине киргизилген 10 236 шайлоочунун 41,25%ын түздү. 104 байкоочу байкоо жүргүздү.

Ноокат району, Исанова айылдык кеңеши:

64 талапкерден 31 депутат шайланды. Бардыгы 4 207 шайлоочу добуш берди, бул шайлоочулардын тизмесине киргизилген 9 057 шайлоочунун 46,45%ын түздү. 94 байкоочу байкоо жүргүздү.

Алай району, Кабылан-Көл айылдык кеңеши:

28 талапкерден 11 депутат шайланды. Бардыгы 706 шайлоочу добуш берди, бул шайлоочулардын тизмесине киргизилген 1 620 шайлоочунун 43,58%ын түздү. 84 байкоочу байкоо жүргүздү.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 38-беренесине ылайык шайлоонун натыйжаларын тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы участоктук шайлоо комиссияларынан келип түшкөн протоколдордун негизинде добуш берүү күнүнөн 20 календардык күндөн кечиктирбестен аныктайт.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү