2019-жылы 19-майда Талас облусунун депутаттарын шайлоонун алдын ала жыйынтыктары
20 мая 2019
2019-жылы 19-майда Талас облусунун Кара-Буура районунда шайлоо болуп өттү. Талас облусу боюнча бардыгы 117 талапкерден 53 депутат шайланды.
3 шайлоо участогунда добуш берүү участоктук шайлоо комиссияларынын (УШК) 66 мүчөсү тарабынан уюштурулду.
Добуш берүүгө 4 716 шайлоочу катышты, бул шайлоочулардын тизмесине киргизилген 8 406 шайлоочунун 56,1%ын түздү.
Добуш берүү күнүндө талапкерлерден жана коомдук уюмдардан 99 байкоочу байкоо жүргүздү.
Добуш берүүнүн жана добуштарды эсептөөнүн жүрүшүндө бузуулар жөнүндө арыздар жана даттануулар түшкөн эмес.
Кара-Буура району, Шекер айылдык кеңеши:
45 талапкерден 21 депутат шайланды. Бардыгы 1 609 шайлоочу добуш берди, бул шайлоочулардын тизмесине киргизилген 2 968 шайлоочунун 54,2%ын түздү. 31 байкоочу байкоо жүргүздү.
Кара-Буура району, Бейшеке айылдык кеңеши:
47 талапкерден 21 депутат шайланды. Бардыгы 1 855 шайлоочу добуш берди, бул шайлоочулардын тизмесине киргизилген 3 267 шайлоочунун 56,8%ын түздү. 49 байкоочу байкоо жүргүздү.
Кара-Буура району, Бакыян айылдык кеңеши:
25 талапкерден 11 депутат шайланды. Бардыгы 1 252 шайлоочу добуш берди, бул шайлоочулардын тизмесине киргизилген 2 171 шайлоочунун 57,7%ын түздү. 19 байкоочу байкоо жүргүздү.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 38-беренесине ылайык шайлоонун натыйжаларын тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы участоктук шайлоо комиссияларынан келип түшкөн протоколдордун негизинде добуш берүү күнүнөн 20 календардык күндөн кечиктирбестен аныктайт.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
