2019-жылы 19-майда Нарын облусунун депутаттарын шайлоонун алдын ала жыйынтыктары
20 мая 2019
2019-жылы 19-майда Нарын облусунун Жумгал районунда шайлоо болуп өттү.
Нарын облусу боюнча бардыгы 35 талапкерден 11 депутат шайланды.
3 шайлоо участогунда добуш берүү участоктук шайлоо комиссияларынын (УШК) 29 мүчөсү тарабынан уюштурулду.
Добуш берүүгө 929 шайлоочу катышты, бул шайлоочулардын тизмесине киргизилген 1 825 шайлоочунун 50,9%ын түздү.
Добуш берүү күнүндө талапкерлерден жана коомдук уюмдардан 24 байкоочу байкоо жүргүздү.
Добуш берүүнүн жана добуштарды эсептөөнүн жүрүшүндө бузуулар жөнүндө арыздар жана даттануулар түшкөн эмес.
Жумгал району, Көк-Ой айылдык кеңеши:
35 талапкерден 11 депутат шайланды.Бардыгы 929 шайлоочу добуш берди, бул шайлоочулардын тизмесине киргизилген 1 825 шайлоочунун 50,9%ын түздү. 24 байкоочу байкоо жүргүздү.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 38-беренесине ылайык шайлоонун натыйжаларын тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы участоктук шайлоо комиссияларынан келип түшкөн протоколдордун негизинде добуш берүү күнүнөн 20 календардык күндөн кечиктирбестен аныктайт.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
